Трамп БАЭ ханзаадасы менен сүйлөштү

Ак үй сүйлөшүүгө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди

748294
Трамп БАЭ ханзаадасы менен сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Араб Эмирликтеринин ханзаадасы Мухаммед бен Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда аймактык ырааттуулуктун мааниси жана радикалдуу агымдардын каржыланышынын токтотулуусу жөнүндө сүйлөшүлгөнү билдирилди.

Ак үй Трамп- Аль Нахайян сүйлөшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Билдирүүдө: «Эки лидер, радикалдуу жана террордук топтордун каржыланышына каршы күрөшүү үчүн Риядда түзүлгөн келишимдин ишке ашырылышынын маанилүү экени боюнча макулдашышты. Айрыкча Трамп аймактык ырааттуулуктун жайылтылуусу үчүн бирдиктүү Булук кызматташтык кеңешинин улантылуусун баса белгиледи»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар