Күч алган эпидемия

Ооруга чалдыккандардын саны бир жарым айдын ичинде 100 миңден ашты

748675
Күч алган эпидемия

Йеменде холерага чалдыккандардын саны бир жарым айдын ичинде 100 миңден ашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, 27-апрелде башталган эпидемиядан каза болгондордун саны да 800гө жетти.

Уюм 19 аймакта орто эсеп менен 102 миң кишинин ооруга чалдыкканын белгиледи.

Холерадан эң көп борбор шаар Сананын таасирленгени айтылууда.

Саламаттык сактоо системасы кыйраганы турган Йеменде холерага байланыштуу өлүмдөрдүн дагы да көбөйө турганы тынчсыздандырууда.

Өлкөдө бийликти 2015-жылы колго алган хусилер жана аларга колдоо көрсөткөн мурдагы президент Али Абдуллах Салихтин жактоочулары менен учурдагы өкмөттүн күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар, өлкөнүн ар кайсы аймактарында уланып жатат.



Тектеш кабарлар