Лос-Анжелесте ооз ачтыруу иш-чарасы

Америкада ооз ачтыруу иш-чарасы өткөрүлдү

746628
Лос-Анжелесте ооз ачтыруу иш-чарасы

АКШнын Лос-Анжелес шаарында Түрк-Америка коомдук бирикмеси TURCA, сириялык баш калкалоочулар да арасында болгон орто эсеп менен 250 кишиге ооз ачуу тамагын берди.

Orange Countyдеги Al Noor мечитинде өткөрүлгөн ооз ачтырууда түрк тамактары жана таттуулары берилди.

Ооз ачуудан кийин сөз сүйлөгөн коомдук бирикменин жетекчиси Ваккас Догантекин, Калифорнияда жашаган америкалык мусулмандар менен түрктөрдү жолугуштурган иш-чараларды тез-тез уюштурууну каалагандарын белгиледи.

Түркияда 15-июль төңкөрүш аракети башталганда Лос-Анжелестеги түрк консулдугунун алдына чогулгандарын жана ошол күнү коомду түзүүнү чечкендерин түшүндүргөн бирикменин башкаруу кеңешинин мүчөсү Кайхан Сусуз болсо: «Биз Түркиянын илимин, ооз ачтыруусун, акылмандыгын, боорукердигин жана үммөтүн бул жерде жашаган бардык мусулман туугандарыбыз менен катар Америкага көрсөтөбүз»-деп айтты.



Тектеш кабарлар