Орусия менен Түркия көптөгөн темада бирдей көз карашта
Путин эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү
Орусиянын президенти Владимир Путин, Сирия маселесинде Түркия менен көптөгөн темада бирдей көз карашта экендиктерин айтты.
Путин эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен өткөргөн жыйында: «Түркия менен чечүүчү темаларда макулдаша албаганда, Сирияда ок атышуулар токтотулмак эмес жана коопсуздук аймактарды куруу келишими түзүлмөк эмес»,-деди.
Орусиянын президенти Путин Түркиянын террордук уюм ПЙД/ПКК темасындагы тынчсызданууларын билгендерин да белгилеп, бул боюнча иштиктүү иш жүргүзүүгө аракет кылгандарын баса белгиледи.
Сириянын бөлүнүү ыктымалдуулугуна тынчсыздангандарын айткан орус лидер, кагылышуулар болбогон аймактардын түзүлүүсүндө да айрым санаркоолору бар экенин, бул аймактардын келечекте Сириянын бөлүнүүсүндө роль албашы керектигин баса белгиледи.
Путин: «Тескерисинче бул аймактар өлкөнүн бүтүндүгүнүн корголушуна жана келечектеги саясий диалогго үлгү болуусу керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.