Кызыл деңизде нефть танкерине ракеталык кол салуу жасалды

Танкердин экипажы окуядан жаракат албастан кутулду.

743729
Кызыл деңизде нефть танкерине ракеталык кол салуу жасалды

Йемен жээктерине жакын жерге атылган 3 RPG ракетасы Бабул Мендеп кысыгында Маршалл аралдарынын желеги асылган бир нефть танкерине келип тийди. Танкердин экипажы окуядан жаракат албастан кутулду.

Сауд Арабстан лидерлигиндеги коалиция күчтөрү  командирлигинен берилген маалыматта Йемен жээктеринин жакындарындагы  бир кемеден Бабул Мендеп кысыгынан өтүп бара жаткан Маршалл аралдарынын желеги асылган нефть танкерине RPG ракетасынын атылгандыгы белгиленди.

Нефть танкеринин Йемендин Меюн аралы менен Жибутинин Себ аралдарынын ортосунан өтүп баратып ким экендиги азырынча белгилене албаган кишилер тарабынан кол салууга учурагандыгы белгиленген маалыматта 3 RPG ракетасы келип тийген кемедеги кызматкерлердин жаракат албагандыгы билдирилди.  Маалыматта Маршалл аралдарынын желеги асылган кеменин Кызыл деңизде бара жатканда бара турган портуна карай жол алгандыгын, кол салууну аткаргандардын ортого чыгарылышы үчүн керектүү иликтөөнүн болсо улантылып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар