Кытайда куш тумоосу

20 миңден ашуун канаттуу куш тумоосунан улам жок кылынды.

743954
Кытайда куш тумоосу

Кытайдын түндүк батышындагы Шанши аймагынын Юлин шаарында канаттуулар фермасында иштеген бир кишиде куш тумоосунун бар экендиги белгиленди. Юлин саламаттык жана үй  - бүлө пландоо бюросунан берилген маалыматта жогорку дене табы жана жөтөл белгилери менен ооруканага жаткырылган кишиде H7N9 вирусу табылды.

Бул киши менен байланышкан кишилер да текшерүү максатында байкоого алынды. Ошол эле учурда шаарда 20 миңден ашуун канаттуу куш тумоосунан улам жок кылынды. Кытайда өткөн жумада да өлкөнүн түндүгүндөгү Шанши аймагынын Датонг шаарында бир аялда куш тумоосу кездешилген.

Кытай улуттук саламаттык сактоо жана үй  - бүлө пландоо комиссиясынын отчетуна караганда өлкөдө бул жылы февраль айында 61, мартта 47, апрель айында да 24 киши H7N9 вирусунан каза тапты. Кытайда биринчи куш тумоосу 2013 -  жылдын март айында аныкталган.

 



Тектеш кабарлар