Путин «Le Figaro» гезитине маек куруп берди

Путин: «Түркия менен Ирандын иштиктүү аракеттеринин негизинде Сирияда ок атышууларды токтото алдык»

742714
Путин «Le Figaro» гезитине маек куруп берди

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркия менен Ирандын иштиктүү аракеттеринин негизинде Сирияда ок атышууларды токтото алгандарын айтты.

«Le Figaro» гезитине маек куруп берген Путин, айрыкча бул процессте Сирия өкмөтүнүн аскердик күчтөрү жана куралдуу Сирия оппозициячылдарынын салымын да баса белгиледи.

Орусиянын лидери: «Алгач Түркия менен Ирандын иштиктүү аракеттерин баса белгилегим келет. Алар менен бирге биз ок атышууларды токтото алдык. Албетте Сирия өкмөтү да. Албетте муну Сирия оппозициясы экенин айткан куралчан топтор болбостон да аткаруу мүмкүн эмес эле. Бул аракет тынчтык жолунда өтө маанилүү, алгачкы олуттуу кадам болду»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар