Иракта кол салуу

Кол салууда 17 кишинин каза болгондугу билдирилди.

743109
Иракта кол салуу

Ирактын Энбар аймагына караштуу Хит районунда жасалган жан кечтилик кол салууда бирөөсү журналист болгон он жети киши каза болду.  

Хит жергиликтүү кеңешинин төрагасы Мухаммед ел  - Мухаммеди бир жан кечтилик кол салууну аткаруучусунун денесине жайгаштырылган жарылуучу затты жардыруусу менен көпчүлүгү жаран болгон 17 кишинин каза болгондугун, 35 кишинин да жаралангандыгын айтты.

Кол салууда каза болгондордун арасында Азия телекөрсөтүү каналынын кабарчысы Сухейб ел  -  Хити менен төрт аскердин бар экендигин билдирген Мухаммеди жаралуулардын арасында Ел  -  Жамиййе телекөрсөтүүсүндө оператор болуп иштеген Вемыд ед  -  Делими төрт аскердин орун алгандыгын айтты. Мухаммеди жаралуулардын ооруканаларга жиберилгендигин да белгиледи.



Тектеш кабарлар