Орусияда катуу шамал

Катуу шамалдан 16 киши каза болду

741827
Орусияда катуу шамал

Орусиянын борбор шаары Москвада болгон катуу шамалдан 16 киши каза тапты.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ТАСС агенттигине берген маалыматына караганда, кечки убактарда күчөгөн катуу шамалдан 150 киши да жаракат алды.

Катуу шамал шаарда жүздөгөн бак-дарактын кулашына жана айрым үйлөрдүн чатырынын учушуна себепчи болсо, көп сандаган унаа да зыян тартты.

Омкорулуп калган бак-дарактардын айынан айрым жолдор жарактан чыгып калды.

Москвада 1998-жылдагы шамалдан да 11 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар