Мусулда ДЕАШка сокку урулду

Ирактын Мусул шаарынын батышындагы төрт айыл менен стратегиялык мааниге ээ бир жол ДЕАШ террордук уюмдан кайра алынды.

739180
Мусулда ДЕАШка сокку урулду

Ирактын Мусул шаарынын батышындагы төрт айыл менен стратегиялык мааниге ээ бир жол ДЕАШ террордук уюмдан кайра алынды.

Ирак армия булактарынан алынган маалыматка караганда өкмөткө караштуу Хашди Шаби күчтөрү шаардын батышындагы Куббетул Вехби, Рафийе, Рафийе  ел  - Еввел жана Мелихат айылдарын ДЕАШтан куткарды.

Шиит куралдуу күчү Хашид Шабинин айрыкча Ел  -  Аднанийе жана Беач райондорун бири бирине байланыштырган стратегиялык жолдо текшерүүнү түзгөндүгү билдирилди. Бир тараптан Ирак федералдык полиция күчү да Ел  -  Мейдан жана Ел -  Фарук аймактарында курчоо астындагы 200дөн ашуун жаранды эвакуациялоодо ийгиликтүү болду. Мусулдун чыгыш жагын январь айынын акырында толугу менен колго алган Ирак күчтөрү 19 -  февралда батыш аймактарын куткаруу операциясын баштаган болчу.



Тектеш кабарлар