Австралия жарандарын эскертти

Манчестер аренадагы кол салуудан кийин Австралия Англияга бара турган жарандарын эскертти.

738482
Австралия жарандарын эскертти

Манчестер аренада 22 киши каза болуп, 59 киши жараланган кол салуудан кийин Австралия Англияга бара турган жарандарын эскертти.

Австралия тышкы иштер жана соода мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Англиянын террордук коркунуч деңгээлин эң жогорку баскычы болгон «орчундуу абалга» чыгаргандыгы баса белгиленди.

Англияга саякат кылууну каалаган жана азыркы учурда бул өлкөдөгу австралиялыктардын Манчестер арена жана тегерегинен алыс болуулары белгиленген маалыматта : «Жеке коопсуздугуңуз тууралуу этият болуп, медиа жана жергиликтүү жетекчилердин эскертүүлөрүнө көңүл бурңуздар»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар