Түндүк Корея баллистикалык ракета сынагандыгын кабыл алды

Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги ракета сынагына «жоопкерчиликсиздик» деп баа берди.

736834
Түндүк Корея баллистикалык ракета сынагандыгын кабыл алды

Түндүк Корея жекшемби күнү орто аралыкка атуучу ракета сынагынын «ийгиликтүү» болгондугун билдирди. Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг  - Ундун «Пукгуксонг  - 2»  ракетасын атылышы учурунда текшергенедигин жана жайгаштырылышын бекиткендиги белгиленди.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги ракета сынагына «жоопкерчиликсиздик» деп баа берсе, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон сынакты «көңүл калуучулук» жана «санааркатуучу» деп мүнөздөдү.

Япониянын премьер – министри Шинзо Абе да Түндүк Кореянын жаңы бир баллистикалык ракета сыноо менен маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сарпталган эл аралык аракеттерди тебелегендигин жана «дүйнөгө каршы чыккандыгын» айтты. Абе маселени 26 – 27 -  майда Италияда боло турган чоң жетилер  саммитинде күн тартибине келерин айтты. Түштүк Корея жана АКШ кечээ Түндүк Кореянын жаңы ракета сынагандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар