Еврей отурукташуучулар кол салышты

Кол салууда бир палестиналык жараланды

736503
Еврей отурукташуучулар кол салышты

Израилде еврей отурукташуучулар палестиналытардын айылына кол салып, бир палестиналык жараланды. Бир гурппа еврей отурукташуучу Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына караштуу Бурин айылына кол салды.

Еврей отурукташуучулар жасаган кол салууда палестиналык бир активист жараланып, башка бир активисттин да унаасы жардырылды.

Еврей отурукташуу жерлери менен курчалган Бурин айылынын калкы жана отурукташуучулардын ортосунда кээ кээде кагылышуулар чыгууда.

Андан мурда Наблуста палестиналыктардын айылына кол салынып, унааларын өрттөгөн еврей отурукташуучулар бейшемби күнү палестиналык туткундар менен тилектештик максатында митинг өткөргөн палестиналыктарга ок атып бир палестиналыктын каза болушуна себеп болгон.

 

 



Тектеш кабарлар