«Independent» гезитинин Түркияда эс алуу сунушу
Англиялыктарга быйыл эс алуу үчүн Түркияга барууларын сунуштады
734126
Англияда басылып чыккан «Independent» гезити англиялыктарга быйыл эс алуу үчүн Түркияга барууларын сунуштады.
Редактор Эмма Томсондун макаласында, «Түркиянын түштүк-батышына эмне себептен барышыңыз керек ?» деген теманын негизинде Фетхие жана айланасы жөнүндө маалымат берилүүдө.
Бул аймактагы кыдырыла турчу жерлер жана саякат программалары төмөнкүчө тизмеленген:
Ликия жолу, тарыхый Каякөй, байыркы Пынара шаары, табигый азыктар сатылган базар, параплан, тоо велосипеди, суу лыжасы жана кышкы спорттор.
Макалада эл алуу үчүн Түркияны тандабагандардын Эгейдин кооздуктарынан куру калаары да баса белгиленүүдө.