Израиль аскерлери 22 палестиналыкты камоого алды

Израиль күчтөрү баскын астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде бат – бат үйлөргө баскын жасап түрдүү шылтактар менен палестиналыктарды камоого алууда.

735084
Израиль аскерлери 22 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери Батыш Шеринанын түрдүү аймактарында 22 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын Ел  -  Халил шаары менен Кефер Каддум, Силвад, Хазма, Абуд, Бейт Авва, Ес  - Семму жана Ел  -  Арруб аймактарында палестиналыктарга таандык үйлөргө түнкү сааттарда баскын жасалгандыгы белгиленди.

Израиль күчтөрү баскын астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде бат – бат үйлөргө баскын жасап түрдүү шылтактар менен палестиналыктарды камоого алууда.

Палестина туткундар жамааты да араларында болгон мекемелер даярдаган отчетко караганда Израиль абактарында 481 киши баскын астындагы Чыгыш Иерусалимден болуп 57 киши аял, 300 бала болгон 7 миңге жакын палестиналык бар.

 



Тектеш кабарлар