АКШдагы түрктөр Трампка ачык кат жазышты

«Вашингтон Пост» гезитинин арка бетинде жарыяланган катта Түркия-Америка Координация комитети, президент Трампка президент Режеп Таййип Эрдоган менен боло турган жолугушуунун алдында эскертүүлөрдү кылды.

733857
АКШдагы түрктөр Трампка ачык кат жазышты

Америка Кошмо Штаттарындагы 150 чакты Түркия-Америка бейөкмөт уюмдарын бириктирип турган Координация комитети, Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышы жана жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга колдоо көрсөтүлбөөсү темасында АКШнын президенти Дональд Трампка ачык кат жазды.

«Вашингтон Пост» гезитинин арка бетинде жарыяланган катта Түркия-Америка Координация комитети, президент Трампка президент Режеп Таййип Эрдоган менен боло турган жолугушуунун алдында эскертүүлөрдү кылды.

Катта эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын саясий, аскердик жана экономикалык тармактарда 65 жылдан ашуун убакыттан бери уланганы баса белгиленип; Кореяда, Ооганстанда, Сомалиде, Македонияда, Босния-Герцеговинада жана Косоводо, АКШ жана Түркиянын жөлөк таяк болуп бирге күрөшкөнү жана биргелеше чечүүчү жол издегендери белгиленди.

Түркиядагы 15-Июль кандуу төңкөрүш аракетинде Түркиянын армиясынын ичине кирип кеткен бир топ ФЕТӨ мүчөсүнүн түрк калкына каршы куралдарын кезегени белгиленген катта: «Орто эсеп менен 250 карапайым адам каза болду, Парламент имараты бомбаланды. Бул кишилер буйруктарын Түрк армиясынан алган жок. Бул кишилер АКШда бир топ контракт менен иштеген мектептери, диндер аралык диалог уюмдары орун алган группа ФЕТӨнүн мүчөлөрү болчу. Америкалыктарды абдан кылдат болуулары керектиги боюнча эскертебиз»,делди.

Катта, Сирия темасына да орун берилип Түркиянын террор уюмдары ДЕАШ жана ЙПГга каршы күрөшүүсүнө токтолду.

ДЕАШ жана ПККнын АКШ тарабынан террор уюму болуп эсептелгенине көңүл бурулган катта, ПККнын Сирияда ЙПГ-ПЙД деген ат менен кыймыл кылып жатканы баса белгиленди.

Түркиянын 3 миллиондон ашуун сириялык баш калкалоочуну багып жатканы эске салынган катта, ар башка маданият жана этникалык текке ээ болгон кишилер жанаша чогуу жашаган өлкө Түркиянын аймакта маанилүү үлгүнү көрсөткөнү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар