Макрон Меркель менен жолукту

Макрон чет өлкөгө алгачкы сапарын Германияга жасады

732887
Макрон Меркель менен жолукту

Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон чет өлкөгө алгачкы сапарын Германияга жасады.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Макронду аскердик азем менен тосуп алды.

Эки лидер бир топко бетме-бет сүйлөштү.

Эки лидердин күн тартибинде Европа Биримдигинин келечеги, баш калкалоочулар жана экономикалык саясаттар орун алды.

Эки тараптуу жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында, жаңы мезгилге карата жакын кызматташуу билдирүүлөрү айтылды.

«Тарыхты кайрадан түзүмдөштүрүүгө» чакырган Макрон, Европа Биримдигинин келишимдерин керек болсо өзгөртө алаарын айтты.

Макрон Германия менен бирге бир канча айдын ичинде реформаларды уланта турган жол картасын ишке ашыра тургандарын, Европа Биримдигинде дагы аз бюрократия жана  үзүрлүү болушун каалаганына көңүл бурду.

«Жаңы динамизм» чакырыгын салган Меркель да Макрон менен жакындан иштешүү темасында макулдашкандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар