Макрондун чет өлкөгө алгачкы расмий сапары Германияга

Макрон Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат

732240
Макрондун чет өлкөгө алгачкы расмий сапары Германияга

Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон кызматын өткөрүп алаары менен чет өлкөгө алгачкы расмий сапарын Германияга жасайт.

Макрон Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Берлинде жолугушат.

Эки лидердин жолугушуусунда Европа Биримдигинин келечеги жана экономикалык саясаттардын каралышы күтүлүүдө.

Макрондун Европа саясаттары боюнча кеңешчиси Сильви Гоулард өз билдирүүсүндө, Берлинде маанилүү темалардын карала турганын жана кызматташууга карата жол картасынын талкууланаарын бидирди.

Гоулард: «Европа Биримдигин учурдагы абалдан чыгарууга аракет кылуу өтө оор милдет»,-деп айтты.

Бул учурда Франциянын президенти Макрондун бүгүн Берлинге аттанаар алдында Франциянын жаңы премьер-министринин дайындалышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар