Грецияда деңизчилер иш таштоодо

Грецияда деңизчилер өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы иш таштоо чечимин чыгарды.

732660
Грецияда деңизчилер иш таштоодо

 

Герция деңизчилер федерациясынан берилген маалыматта эртең жергиликтүү убакыт боюнча 00:01де баштала турган иш таштоонун негизинде  бардык кемелердин 24 саат порттордо болору белгиленди. Иш таштоодон улам кургактык менен аралдардын ортосундагы кеме байланышы үзүлөт. Маалыматта Греция өкмөтүнүн европалык кредиторлор менен түзгөн, кошумча үнөмдөө чараларына байланыштуу алдыңкы келишимдин кайра  алынышы жана деңизчилик секторундагы жумушсуздуктун алдын тосуу керектиги белгиленди.

Грек өкмөтү куткаруу пакетинин алкагында жаңы кредит тилиминин эркин койо берилиши үчүн 2019 – 2020 – жылдарда пенсия айлыктары жана салыктан бошотуу чегин төмөндөтө турган кошумча үнөмдөө чараларын көрүүнү кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар