Түркия Европа үчүн стратегиялык өнөктөш

Жордж Велла: «Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда күчтүү байланыштар бар»

730737
Түркия Европа үчүн стратегиялык өнөктөш

Европа Биримдигинин кезектешкен төрагасы Мальтанын тышкы иштер министри Жордж Велла Түркиянын Европа үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Велла Анадолу агенттигине берген маалыматында, Европа Биримдиги менен болгон карым-катнаштардын келечегине түрк эли жана жооптуу кызматкерлеринин чечим чыгараарын, буга ушундай кароонун Түркиянын эгемендүүлүгүнө урмат-сый көрсөтүүнүн талабы экенин айтты.

28-апрелде Мальтада өткөрүлгөн жана тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу да катышкан жыйында Европа Биримдигинин Түркия менен байланыш каналдарын ачык кармагысы келгендигин билдиргенин айткан Велла, Түркия менен сүйлөшүүгө жана маселелерди талкуулоого ачык экендерин баса белгиледи.

Чыгарылган айрым чечимдердин карым-катнаштарга залакасын тийгизиши капага салуучу экенин айткан Жорж Велла: «Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда күчтүү байланыштар бар. Түркия Европа үчүн стратегиялык өнөктөш жана маселелерди дипломатиялык жолдор менен чечишибиз керек»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар