АКШнын президенти бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алат
Жолугушууда Сирия маселеси менен эки тараптуу карым - катнаштар каралат.
729321
АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду Ак үйдө кабыл алат.
Трамп - Лавров жолугушуусунда Сирия маселеси менен эки тараптуу карым – катнаштардын каралышы күтүлүүдө. Бир тараптан Америка тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун орус кесиптеши Лавров менен жолугушары белгиленди.
Тиллерсон - Лавров жолугушуусунда Украина жана Сирия маселелеринин каралышы күтүлүүдө.
Жолугушууда Сирия калкына гуманиатрдык жардам алып баруу жана жарандык согуштун саясий жолдор менен чечилиши, Украинада күч колдонуунун токтотулушунун сөз болору билдирилди.