Жер Ортолук деңизде бозгундар сууга чөгүп кетти

11 кишинин сөөгү жээкке чыгып калса, көп сандаган киши табылбай жатат

728287
Жер Ортолук деңизде бозгундар сууга чөгүп кетти

Жаңы жашоо үмүтү менен Ливиядан сапар тарткан бозгундарды ташыган эки резина кайык Жер ортолук деңизде чөгүп, 11 кишинин сөөгү жээкке чыгып калды.

Биринчи кырсык эртең мененки убактарда болду.

Ливиядан 132 бозгун менен жолго чыккан резина кайык, Италия жээгине жетпей оодарылып кетти.

50 бозгун куткарылып Поццалло жээгине алып барылды.

Арасында балдар да болгон 82 киши болсо табылбай жатат.

Экинчи кырсык Ливиянын Завие жээгинде болду.

10у аял 11 кишинин сөөгү жээкке чыгып калды, орто эсеп менен 100 кишиден дайын жок.

Качкындардын коркунучтуу сапары көбүнчө резина кайыктар менен ишке ашырылууда.

Үч күндүн ичинде эле аймакта 6 миңден ашуун бозгун куткарылып Италияга алып барылды.

Жер ортолук деңизде акыркы 5 айдын ичинде 150дөн ашуун бозгун сууга чөгүп көз жумду.



Тектеш кабарлар