Орусия Улуу жеңиштин 72 жылдыгын майрамдап жатат

Улуу жеңиштен улам Кызыл Аянтта парад болуп өттү. Бул жылы  аскердик жүрүшкө 10 миң аскер, 114 аскердик унаа катышты.

728851
Орусия Улуу жеңиштин 72 жылдыгын майрамдап жатат

 

 

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10до башталган салтанат Орусиянын президенти В. Путиндин сөз сүйлөөсү менен башталды. Жөө аскерлердин жүрүшүнөн кийин ок өткөрбөс унаалардан турган конвой өттү.

Орусиянын түндүк уюл аймагында колдонууну пландаган кыска аралыктуу ракеталык системасы менен жерден абага ракета атуу системасы да биринчи жолу көрсөтүлдү.

Кремлдин аянтындагы жеңиш жүрүшү ыңгайсыз аба  шарттарынан улам аскердик тик учарлар менен учактардын чыгармачылыгы көрсөтүлбөстөн аяктады.

Жеңиш майрамы кечки сааттарда Кызыл Аянтта боло турган фейерверк атуулары менен аяктайт.



Тектеш кабарлар