Израиль аскерлери 15 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 15 палестиналыкты камоого алгандыгы билдирилди.

728452
Израиль аскерлери 15 палестиналыкты камоого алды

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарында үчөөсү Хамас мүчөсү 15 палестиналыктын камоого алынгандыгы белгиленди. Камоого алуулардын Ел – Халил шаары, Нур Шемс лагери, Жейсу айылы, Такку жана Шейх Сад аймактарында күч алгандыгы билдирилди.

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде үйлөргө бат – бат баскындар жасалып түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.

Палестина мекемелери даярдаган отчетко караганда Израиль абактарында 7 миңге жакын палестиналык камалды.



Тектеш кабарлар