Сүрөт тарткан ат Метро

Бир убактар жарышка катышкан белгилүү ат Метро сүрөт тартканды  үйрөндү.

725208
Сүрөт тарткан ат Метро

Бир убактар жарышка катышкан белгилүү ат Метро сүрөт тартканды  үйрөндү.

Метро майып болгондон кийин ээси Рон Метро үчүн бир  жол тапты. Өзү да профессионалдуу сүрөтчү болгон Рон Метрого оозу менен кисти кармап сүрөт тартууну үйрөттү. Бир канча убакыттан кийин Метро Ронун жергиликтүү галлереяларында көргөзмөгө коюла турганчалык кооз сүрөттөрдү тарта баштады. Аттын стили  чачыратуу жана тамызуу техникасы менен белгилүү сүрөтчү Жексон Поллоктун стилине окшотулууда. Метронун жөндөмдүүлүгү АКШнын Пенсильвания аймагында жергиликтүү телкөрсөтүү каналынын кызыгуусун тарткан. Ал жерде чыккан жаңылыктан кийин өлкө масштабында жайылды. Ушундайча 2014 -  жылы сүрөттөрүн сатып алуу үчүн кезекке турган 150 киши болгон. 14 жаштагы Метро чыгармачылыгын өркүндөтүүнү улантат.

 



Тектеш кабарлар