Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү

Сириядагы ок атышпоолордун кепили болгон Түркия, Орусия жана Иран келишимге кол койду.

726452
Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү

Түркиянын демилгеси жана Орусиянын колдоосу менен макулдашуу түзүлгөн Сирияда «коопсуздук аймактардын түзүлүшүнө» байланыштуу чечим Астана сүйлөшүүлөрүндө келишимге  айланды. Сириядагы ок атышпоолордун кепили болгон Түркия, Орусия жана Иран келишимге кол койду.

Түрк тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда Идлиб аймагынын толугу менен Латакия, Халеп, Хама, Хомс, Чыгыш Гута, Дераа жана Кунейтур аймактарынын кээ бир жерлеринде кагылышуу болбогон аймактар түзүлөт.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура да Казакстандын борбор шаары Астанадагы сүйлөшүүлөрдө чыгарылган чечимден ыраазы экендигин билдирди.

Кагылышуу болбогон аймактардын чек аралары жана функциянын иштешине байланыштуу түзөтүүлөр алдыбыздагы мезгилде 3 кепил өлкөнүн ортосунда курула турган иш алып баруу тобунда белгиленет.

Убактылуу чаара катары каралганы белгиленген коопсуз аймактар биринчи этапта алты айлык ишке ашырылат. Кепил өлкөлөрдүн макулдашуусу менен бир канча убакыттан кийин автоматтык түрдө узартылат.

Коопсуздук аймактарында Сирия режими менен ок атышпоого кошулган же кошула турган куралдуу оппозициячыл топтордун арасында абадан кол салуу болуу менен бардык куралдуу кол салуу токтотулат.

Коопсуз аймактарга гуманитардык жардамдардын эң ылдам  түрдө жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Текшерүү жана байкоочу жерлеринин иш алып барышы жана коопсуз аймактардын башкарылышы, кепил өлкөлөргө таандык бөлүктөр тарабынан макулдашуунун негизинде түзүлөт.

Террордук уюмдар менен күрөшүү коопсуз аймактардын ичинде жана тышында улантылат.

Кепил өлкөлөр 4 -  июнга чейин коопсуз аймактар менен ишенимдүү аймактардын карталарынын даярдыгын бүткөрүү жана куралдуу оппозиция менен террордук топторду бири биринен бөлүү үчүн керектүү кадамдарды таштайт.

Орток иш алып баруу тобу Астанадагы Сирия тема болгон жогорку деңгээлдеги жыйындардагы иштери тууралуу отчет берет.



Тектеш кабарлар