ДЕАШка каршы күрөшкөн коалициянын катчысы сөзүнөн жаңылды...

Дорриан, Ирактын борбор шаары Багдаддан телеконференция системасы менен байланышкан АКШнын коргоо министрлигинде (Пентагон) басма сөз мүчөлөрүнүн Ракка операциясына байланыштуу суроолоруна жооп берди.

725899
ДЕАШка каршы күрөшкөн коалициянын катчысы сөзүнөн жаңылды...

ДЕАШка каршы күрөшкөн коалициянын катчысынын сөзүнөн жаңылганы...

Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшкөн коалициянын катчысы, америкалык полковник Жон Дорриан, Сириянын Ракка шаарына карай ыктымалдуу операцияда колдоого алган топтун бир бөлүгүн да жикчил террор уюму ПККнын түзгөнүн айтты.

Дорриан, Ирактын борбор шаары Багдаддан телеконференция системасы менен байланышкан АКШнын Коргоо министрлигинде (Пентагон) басма сөз мүчөлөрүнүн Ракка операциясына байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Дорриандын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД менен куралчан тармагы ЙПГга шилтеме кылып, «ПКК, Сирияда АКШ колдогон топтун бир бөлүгү»,-деп айтканы көңүлдү бурду.

Дорриандын сөздөрүнөн кийин дароо бир журналисттин: «ПКК, АКШ колдогон күчтөрдүн бир бөлүгү дегениңизди уктум окшойт, такташ үчүн сурап жатамын» деген суроосуна коалициянын катчысы: «Ошондой дедимби? ЙПГ дедим»,-деп оңдоп кетти.

Катчы Дорриан, Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүгө кошкон салымы абдан маанилүү экенин жана Дабык сыяктуу ДЕАШ үчүн абдан маанилүү болгон бир топ жердин Түркия тарабынан кайтарылып алынганын айтты.

Дорриан: «ДЕАШ менен күрөшүүдө НАТО шериктешибиз Түркиянын кошкон салымдарына баа жеткис»,-деп айтты.

Бир тараптан полковник Дорриан, Ракка аймагында 3-4 миң чакты ДЕАШтын мүчөсү бар экенине ишенгендерин айтып, аткарылышы керек болгон көп иш бар экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар