Европа Биримдиги Шенген чек ара текшерүүлөрүн акыркы жолу узартат

Димитрис Авромопулос Шенген аймагы тартибинин кайрадан түзүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.

724998
Европа Биримдиги Шенген чек ара текшерүүлөрүн акыркы жолу узартат

 Европа Биримдиги Шенген чек ара текшерүүлөрүн акыркы жолу узартат. Европа Биримдиги Комиссиясы Шенген аймагындагы Австрия, Германия, Дания, Швеция жана Норвегия сыяктуу кээ бир өлкөлөр ишке ашырган убактылуу чек ара текшерүүлөрүнүн акыркы жолу алты ай дагы узартуу үчүн Европа Биримдиги Кеңешине кайрылды.

Европа Кеңеши Комиссиясынын качкындар, ички иштер жана жарандыктан жооптуу мүчөсү Димитрис Авромопулос Шенген аймагы тартибинин кайрадан түзүлүшүнүн маанисин баса белгилеп ички чек ара текшерүүлөрүнүн акыркы жолу узартыларын билдирди.

Аврамополус мүчө өлкөлөргө коомчулуктун коопсуздугун түзүү үчүн чек арадан өтүүдө полициянын текшерүүсүн жана башка өлкөлөр менен кызматташтыкты арттырууну сунуш кылды. Шенген аймагындагы чек ара текшерүүлөрү өткөн жылы май айында Грециянын тышкы чек ара текшерүүсүнө байланыштуу чыккан маселелер жана өлкөгө карата качкындар агымынан улам башталган.

Европа Биримдиги Комиссиясынын маалыматында Түркия ишке ашырган «качкындар келишиминен» кийин Грецияга барган качкындардын санында 97 пайыздык азаюунун болгондугу да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар