Корея жээктерине Франция менен Япония да согуштук кемелерин жөнөтүүдө

АКШнын «USS Карл Винсон» аттуу учак конуучу кемеси Корея жарым аралынын жээктеринде машыгуусун баштады.

723591
Корея жээктерине Франция менен Япония да согуштук кемелерин жөнөтүүдө

Түндүк Корея ракеталык сыноосун уланта турганын билдирди, АКШ болсо коркутууларга карабастан аймактагы жана Европадагы шериктештери менен Корея жээктериндеги аскердик күчүн арттырууда.

АКШнын «USS Карл Винсон» аттуу учак конуучу кемеси Корея жарым аралынын жээктерине жетип машыгуусун баштады.

Франция менен Япония да аймакка согуштук кемелерин жөнөтүүдө.

Түндүк Корея, эгерде аймактык сууларына жакындаган абалда Американын учак конуучу кемесин жана Түштүк Кореянын Бусан портундагы Американын деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү ядролук кемесин да атып чөктүрөм деген коркутуусун кайталады.

АКШнын президенти Трамп CBS каналына берген маегинде, Түндүк Корея ракеталык сыноосун уланткан учурда муну туура кабыл албай турганы боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар