АКШда катуу шамал
Катуу шамал чоң кыйроого алып келди
723643
АКШнын түштүк-батышына терс таасирин тийгизген катуу шамалдан каза болгондордун саны 14кө жетти.
Массалык кыйроого алып келген апааттын чыгымы да өтө чоң.
Техаста куюндан үйлөрдүн чатырлары учуп, катуу шамалдан унаалар үстү-үстүнө жыйылды. Тынымсыз жааган жамгырдын себебинен дарыялар ташкындады.
Суу каптаган аймактардан болсо адамдарды чыгарып кетүү иштери уланып жатат. Элге мажбур болмоюнча үйлөрүнөн чыкпагыла деген эскертүүлөр айтылууда.