Түрк агымынын курулушу жайында башталат
Бул туурасында Газпром маалымат берди
721663
Орусиянын «Газпром» компаниясы, «Түрк агымы» долбоорунда газ куурунун курулушунун ушул жылдын жай айынын башында башталышы пландалып жатканын билдирди.
Газпромдун билдирүүсүндө: «Түрк агымынын» иштөө тартибине ылайык газ куурунун биринчи этабы үчүн түтүктөрдү орнотуу иштеринин 2017-жылдын жай айында башталышы пландалууда»,- деп айтылды.
Ошондой эле иш тартибинин алкагында долбоордун курулушунун 2019-жылдын аягында бүтүрүлүшү көздөлүп жатканы да маалымдалды.