Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады

Пхегньян башкаруусунун жакында дагы бир жаңы ядролук курал сынай тургандыгы күтүлүүдө.

722724
Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады

 

Түндүк Корея жаңы бир баллистикалык ракетасын сынап АКШ жана коңшуларына дагы бир жолу каршы чыкты.

Түштүк Корея Түндүк Кореянын жаңы бир баллистикалык ракета сынагандыгын билдирди.

Ракетанын борбор шаар Пхеньяндын түндүгүнөн учурулгандыгы жана бир канча секунда абада болгондугу билдирилди.

АКШ ракетанын учурулгандан кийин жарылгандыгын, сынактын ийгиликсиз болгондугун жарыялады. Андан кийин Түштүк Корея менен Япония сынакты айыпташты. АКШнын президенти Дональд Трамп да социалдык медиа аркылуу маалымат берди. Трамп : «Түндүк Корея бүгүн учурган жана ийгиликсиз болгон ракета менен Кытайга жана анын кадыр – барктуу президентинин каалоосуна сый көрсөткөн жок»,- деди.

Тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон да Түндүк Корея тууралуу Кытай менен жакын кызматташтык ичинде экендерин билдирди. Тиллерсон дагы бир ядролук сынак кыла турган болсо Кытайдын Түндүк Кореяны санкция кылуу менен коркуткандыгын белгиледи.

Өткөн күз мезгилинде бешинчи сынагын ишке ашырган Пхегньян башкаруусунун жакында жаңы бир ядролук курал сынай тургандыгы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар