Балдар чукул жардамга муктаж

Жетишсиз тамактанган балдар коркунуч астында турат

720777
Балдар чукул жардамга муктаж

Йеменде жарым миллион бала, шашылыш камкордук жана дарылоо камсыздалбаса өлүм коркунучу менен бетме-бет келет.

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен маалымат жыйынында, жетишсиз тамактанган жарым миллион баланын шашылыш камкордук жана дарылоо камсыздалбаган учурда өлүм коркунучу менен бетме-бет келээри белгиленди.

Өлкөдөгү орто эсеп менен 7 миллион адамдын мындан кийинки азыгынын кайдан келээрин билбегени жана чукул азык-түлүк жардамына муктаж экендиктери сөз кылынды.

Адамдардын муктаждыктарынын ылдам өскөнү белгиленген билдирүүдө, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын келээрки 12 ай бою өлкөдөгү жетишсиз тамактанган 9 миллион адамдын негизги муктаждыктарын камсыздай алуусу үчүн шашылыш 1,2 миллиард долларга муктаж экени баса белгиленди.

Ошондой эле Йемендеги кагылышуулардан жапа чеккен балдарды аман сактап калуу программасы үчүн 236 миллион доллар камсыздалуусу керектиги билдирилди.



Тектеш кабарлар