АКШдан Сирияга жаңы санкциялар
Асад режиминин 4-апрелдеги химиялык кол салуусунан жүздөгөн адам каза болгон
АКШ Асад режиминин Идлибдеги химиялык кол салуу менен байланышы бар деген негиздер боюнча 271 сириялыкты санкция тизмесине киргизди.
АКШнын каржы министри Стивен Мнучин, Вашингтондун Сирияга химиялык курал колдонгондугунун себебинен жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирди.
Мнучин: «Биз кандайдыр бир ыкма менен химиялык курал колдонууга жол бербейбиз жана Асад режиминин кабыл алынгыс жүрүм-турумдарынан улам жооптуу көрүүгө ниеттүүбүз»,- деди.
Ушул алкакта Асад режиминин Идлибдеги химиялык кол салуусуна байланыштуу режимге караштуу Сириянын илимий иштер жана изилдөө борборунун кызматкери 271 сириялык санкция тизмесине киргизилди.
Идлибде Асад режиминин 4-апрелдеги химиялык кол салуусунан жүздөн ашуун адам каза болуп, 500дөн ашуун адам жаракат алган болчу.
Вашингтон башкаруучулугу, кол салган учактар конуп учкан Шайрат аба базасына ракета менен сокку уруп аларга жооп кайтарган болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.