Грецияда адамдар сууга чөктү

Сөөктөр аралдын түндүк жээгине чыгып калды

719281
Грецияда адамдар сууга чөктү

Грециянын Мидилли аралынын жээктеринде бозгундарды ташыган резина кайык оодарылып кетти.

Афинанын маалымат агенттиги, кеминде беш адамдын каза болгонун билдирди.

Сөөктөр аралдын түндүк жээгине чыгып калды.

Бозгундардын Ассос чөйрөсүнөн Мидиллиге карай бара жаткандары божомолдонууда.

Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда өткөн жылдын жаз айында түзүлгөн баш калкалоочулар келишими боюнча Греция багытынын чоң бөлүгү жабылган бирок дагы деле болжол менен 60тай киши грек аралдарына барууга аракет кылууда.

БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда быйыл 3 миң 629 бозгун Түркиядан Грецияга барды.

Өткөн жылы болсо кеминде 173 миң адам Эгей деңизинен ашып өтө алды. Булардын көпчүлүгү сириялыктар.



Тектеш кабарлар