Көлөмү чоң бөбөк баарын таң калтырды

Чахат бөбөк 8 айдын ичинде 17 жарым килограммга жетти.

716459
Көлөмү чоң бөбөк баарын таң калтырды

Индиянын Пенжап аймагында нормалдуу килограммда төрөлгөн Чахат бөбөк 8 айдын ичинде 17 жарым килограммга жетти. Чахат ашыкча килограммынын айынан дем алууда кыйналып жатат. Териси калыңдашып, дарыгерлер ийне саюда кыйналышууда.

Энеси кызынын орточо бир бөбөктүн жегенинен төрт эсе көп жегендигин, тамак жебесе абдан катуу ыйлагандыгын билдирди. Бөбөктүн чукул түрдө дарыланууга муктаж экендиги белгиленип, үй  - бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү чектүү болгондуктан Чахаттын өмүрүнүн коркунучта экендиги  айтылууда.

 



Тектеш кабарлар