Франциядагы кол салуу

Бельгиянын  Белга кабар агенттиги кол салуу менен байланыштуу изилденип жаткан 39 жаштагы Юсиф Ел Осри аттуу шектүү кишинин багынгандыгын жарыялады.

718103
Франциядагы кол салуу

Франциянын борбор шаары Париждин негизги проспектилеринен Champs Elyseesде  полицияга карата жасалган кол салуу тууралуу изилденип жаткан бир шектүү киши Бельгиянын Анверс шаарында багынды.

Бельгиянын  Белга кабар агенттиги кол салуу менен байланыштуу изилденип жаткан 39 жаштагы Юсиф Ел Осри аттуу шектүү кишинин багынгандыгын жарыялады. Кабарда  шектүү кишинин полициядагы тергөөсүндө Париж кол салуусу тууралуу эч бир байланышынын болбогондугун, өзү тууралуу бардык күнөлөөлөрдү четке каккандыгы жана кол салуу учурунда Анверсте бир бензин станциясында иштеп жаткандыгын айтканы белгиленди.

Террордук уюм ДЕАШ моюнга алган Париждеги кол салууда бир полиция каза болуп, бирөөсү оор эки полиция жараланган. Кол салуучунун  өлүү колго түшүрүлгөндүгүн белгилеген ички иштер министрлигинин катчысы Пьер-Генри Брендит : «Кол салууда полициялар атайын бутага алынган»,- деген.

Президент Франсуа Олланд басма сөзгө берген маалыматта алгачкы белгилөөлөрдүн кол салуунун террордук кол салуу экендигин белгилегенин айткан.

Париж прокурорлугунун террордук офисинин бул тууралуу териштирүү баштаткандыгын билдирген Олланд кол салуучунун максаты тууралуу жана кол салуучуга жардам берген кишилердин бар же жок экендиги боюнча изилдөө жүргүзүлгөндүгүн баса белгилеген болчу.

Француз жетекчилер жүргүзүлгөн териштирүүдөн улам кол салуучунун ким экендиги билдирилбестен; ДЕАШтын кабар булактары кол салуучунун атынын Эбу  - Юсуф Ел Балжики экендигин жарыялаган.

Француз полициясы каза болгон кол салуучунун Париждин чыгышындагы үйүндө изилдөө баштатылган болчу. Жекшемби күнү боло турган  шайлоого даярданган жана өзгөчө абал жарыяланган өлкөдө коопсуздук чаралар эң жогорку деңгээлге чыгарылганына карабастан болгон кол салуу Францияда  абдан чоң тынчсызданууга жол ачты. Жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоого даярданган жана өлкөдө 2 жылдан бери болуп келе жаткан террордук кол салууда 240 киши каза болду.

Президент Олланд Англия сапарын, президентикке талапкер Марин Ле Пен менен Франсуа Фийон да бүгүнкү үгүт жүргүзүү программаларын токтотту.

Кол салуу эл аралык коомдо да санааркоого себеп болду.

Американын президенти Дональд Трамп расмий бир сапар менен өлкөсүнө келген Италиянын премьер – министри Паоло Гентилони менен өткөргөн жолугушуудан кийинки биргелешкен  пресс - жыйында кол салууну айыптады жана француз калкына көңүл айтты.



Тектеш кабарлар