Синжарда топ киши көмүлгөн мазар табылды

«Синжар коргонуу күчтөрү тарабынан 30дан ашуун езиди көмүлгөн мазар табылды»

715181
Синжарда топ киши көмүлгөн мазар табылды

Ирактын Синжар аймагында террордук уюм ДЕАШ өлтүргөн езидилердин сөөгү топ түрүндө көмүлгөн мазар дагы табылды. Ирак Күрдистан мекен сүйүүчүлөр биримдигинин маалыматында : «Синжар коргонуу күчтөрү тарабынан 30дан ашуун езиди көмүлгөн мазар табылды»,- деп айтылды.

Ирак Күрдистан мекен сүйүүчүлөр биримдигинин билдиргенине караганда 2014 -  жылы август айында Синжарды басып алган ДЕАШ езидилерге каршы кыргын салган.  Аймакта 7 миңге жакын езиди өлтүрүлүп, аялдар менен балдар качырылып кулчулукта.

400 миңден ашуун езиди болсо көчүүгө мажбур болгон. Синжарлык жетекчилер 2015 – 2016  - жылдарды ДЕАШ өлтүргөн 1646 езидинин калдыктарынын табылгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар