Газадагы бир гана электр станциясындагы электр өндүрүшү токтоду

Палестина макулдашуу өкмөтү кризистен Хамастын жооптуу экендигин ортого салып айыптоолорду четке какты.

713717
Газадагы бир гана электр   станциясындагы электр өндүрүшү токтоду

Газа тилкесиндеги бир гана электр станциясы өндүрүшүн токтотту. Газадагы энергетика жана жаратылыш ресурстары мекемесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Палестина макулдашуу өкмөтүнүн  күйүүчү майдын баасын 3 эсеге чыгарган салыктарынан улам электр өндүрүү токтотулду. Бул биздин сатып алуу күчүбүздү ашкан баа»,- деп айтылды.

Маалыматта аймактагы электр кризисинин жооптуусу катары Макулдашуу өкмөтү көрсөтүлүп, электр өндүрүшүндө колдонула турган күйүүчү майдан салык алынбашы суранылды.

Палестина макулдашуу өкмөтү болсо кризистен Хамастын жооптуу экендигин ортого салып айыптоолорду четке какты.

 



Тектеш кабарлар