Орусия АКШны Сирияга өткөндөгүдөй кол салбоого үндөдү

Сергей Лавров, сириялык кесиптеши Велид Муаллим жана ирандык кесиптеши Мухаммед Жевад Зариф менен АКШнын Сирия режимине таандык Шайрат аба базасын атышынан кийин алгач ирет жолугушту.

712865
Орусия АКШны Сирияга өткөндөгүдөй кол салбоого үндөдү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын өткөн аптадагы сыяктуу Сирия кол салуусунун кайталанган учурунда мунун олуттуу жоопкерчиликтери болоорун айтты.

Сергей Лавров, сириялык кесиптеши Велид Муаллим жана ирандык кесиптеши Мухаммед Жевад Зариф менен АКШнын Сирия режимине таандык Шайрат аба базасын атышынан кийин алгач ирет жолугушту.

Орусиянын борбор шаары Москвада болгон жолугушуудан кийин Муаллим жана Зариф менен бирге маалымат жыйын өткөргөн Лавров, АКШнын Сирияга карай кол салуусун «кол салуучулук кыймылы» жана «эл аралык укуктун бузулушу» катары карагандарын кайталады.

Москванын дагы Дамаск жана Тегерандын эгемендигине урмат- сый көрсөтүшү жана 7-апрелде болгон окуялардын кайталанбоосу үчүн аракет кылуудабыз. Ошондуктан ушундай кыймылдын кайталануусу аймактык жана дүйнөлүк коопсуздук жагынан абдан олуттуу жыйынтыктарды туудурат»,-деп айтты.

АКШ, Сирия режиминин Идлибдеги химиялык кол салуусуна каршы Хомска жакын жердеги Шайрат аба базасын Tomahawk ракеталары менен аткан.



Тектеш кабарлар