Лавров менен Тиллерсон бергелеше маалымат жыйын өткөрүштү

Лавров расмий сапар менен борбор шаар Москвага келген америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

711805
Лавров менен Тиллерсон бергелеше маалымат жыйын өткөрүштү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Вашингтон башкаруучулугу менен Сирияда мындан мурда жетишилген «аба мейкиндиги келишиминин» жаңылана турганын айтты.

Лавров расмий сапар менен борбор шаар Москвага келген америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Орус министр АКШ менен Сириянын Идлиб шаарында 4-апрелде болгон химиялык кол салуунун териштирилиши  темасында келишишкендерин айтты.

Эки өлкөнүн Сирия маселесинин чечилиши темасында кызматташууларын улантуу чечимин чыгаргандарын белгилеген Лавров, мунун саясий жолдор менен болушу темасында бирдей көз карашта болгондорун белгилеп кетти.

Андан кийин сөз алган Тиллерсон болсо, Сирия режимине карай сындоолорун улантты.

Тиллерсон Асад режиминин өлкөнүн 50 башка жеринде хлор бомбасын жана ар башка химиялык куралдарды колдонгонун айтты.

Лавров жана Тиллерсон, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги имаратында 5 саатка созулган жолугушуу өткөрүштү.

Орусиянын президенти Владимир Путин андан соң Тиллерсонду Кремль сарайында кабыл алды.

Москва менен Вашингтон 2015-жылы Сириянын аба мейкиндигинин коопсуз түрдө колдонулушу темасында бир канча араздашуулардан кийин «Учуу коопсуздугун көздөгөн» меморандумга кол коюшкан.



Тектеш кабарлар