Франциянын терроризм боюнча отчету үрөйдү учурат
Франциянын Сенатынын «Радикалдашууга бөгөт болуу жергиликтүү жана аймактык бийликтер» аттуу отчетунда терроризмге каршы координация биримдигинин көрсөткүчтөрү да орун алды.
Францияда март айынын башынан бери 17393 кишинин терроризм шеги менен байкалганы 2046 француздун Сирия жана Иракта террорист согушкери болгону жарыяланды.
Франциянын Сенатынын «Радикалдашууга бөгөт болуу жергиликтүү жана аймактык бийликтер» аттуу отчетунда терроризмге каршы координация биримдигинин көрсөткүчтөрү да орун алды.
Отчетко караганда март айынын башынан бери Францияда 17393 киши терроризм шеги менен «Fish S» деп аталган белги менен байкалууда.
Отчетто белгиленген бул кишилердин бардыгынын тынымсыз түрдө байкоодо кармалбаганын, айрымдарынын убак-убагы менен текшерилгени белгиленди.
Жалпы 2046 француздун дагы деле Сирия жана Иракта террорист согушкер экени белгиленген отчетко караганда 249 француз жаранынын да бул аймактарда каза болгону божомолдонууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.