Орусиянын АКШга болгон ишеними азайды

Путин Мир 24 каналына маек куруп берди

711390
Орусиянын АКШга болгон ишеними азайды

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп мезгилинде Вашингтонго болгон ишенимдеринин азайганын айтты.

Путин Мир 24 каналына берген маегинде, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын Трамп мезгилинде Обама мезгилиндегиден дагы көп начарлаганын айтууга болобу деген суроого: «Карым-катнаштардагы ишеним деңгээлинин иш алып баруу жаатында, өзгөчө аскердик тармакта жакшырбаганын, тескерисинче азайганын айтууга болот»,- деп жооп берди.

Сирия армиясынын өткөн жумада Идлибге химиялык курал менен кол салганына каршы АКШнын Хомско жакын жердеги аба базасын бомбалашы, Москва менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу жаратты.

АКШ бул кол салуу менен Сирия өкмөтүн биринчи жолу түздөн-түз бутага алды.



Тектеш кабарлар