Израилде палестиналыктарга таандык зайтун дарактары кесилди

Еврейлер жаңы отурукташуу жерлеринин курулуусун каалап жатышат

709515
Израилде палестиналыктарга таандык зайтун дарактары кесилди
yahudiler zeytin ağaçlarını kesti.jpg

Израилде Рамаллахтын чыгышындагы Михмас жергесинде палестиналыктарга таандык жерлерге кол салган еврейлер 300 зайтун дарагын кесишти.

Түшүмү мол дарактарды кескен еврейлер ушул сыяктуу кыймылдар менен жаңы отурукташуу жерлеринин курулуусун каалап жатышат.

Михмас жергесинде буга чейин да еврейлер жерлерди тартып алууга аракет кылышкан.

Израилдин басып алуусундагы Батыш Шерианын чөйрөсүндөгү отурукташуу жерлеринде жашаган еврейлер тез-тез палестиналыктарга таандык жерлерге кол салып, айыл чарба техникаларын талкалап кетишет.



Тектеш кабарлар