Египетте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Террор уюму ДЕАШ моюнга алган кол салууда жалпы 43 киши каза таап 119 киши жаракат алды.

708996
Египетте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Египеттин Танта жана Александрия шаарлары кечээ чиркөөлөргө кол салуулар менен ызы-чууга түштү.

Террор уюму ДЕАШ моюнга алган кол салууда жалпы 43 киши каза таап 119 киши жаракат алды.

Эң оболу Танта шаарында бир чиркөөгө бомбалуу кол салуу болду. Кылмышкерлердин экинчи бутасында полициялык борбор бар эле.

Эки жардырууда кеминде 27 киши каза таап, 78 киши жаракат алды.

Александрия шаарында да жанкечти чиркөөнүн алдындагы калың топтун арасына кирип барып үстүндөгү бомбаны жардырып жиберди. Бул кол салууда 16 киши каза таап 41 киши жаракат алды.

Окуялардан кийин өлкөдө үй айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Египеттин президенти Абдүлфеттах эс-Сиси, чиркөөлөрдү бутага алган кол салуулардан кийин Улуттук коргоо кеңеши менен чукул жыйналыш өткөрдү.

Сиси, жыйналыштан кийинки жарыясында кол салуулар тууралуу керектүү мыйзамдык процедуралардын жасалышынан кийин 3 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланганын белгилеп өттү.

 



Тектеш кабарлар