Мусулда тик учар атып түшүрүлдү

Учакта эки учкучтун каза болгондугу билдирилди

707367
Мусулда тик учар атып түшүрүлдү

Ирактын Мусул шаарында бир аскердик тик учардын террордук уюм ДЕАШтын кол салуусу менен жерге түшкөндүгү, эки учкучтун каза болгондугу белгиленди. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматтарга караганда Ирак армиясына таандык тик учар террордук уюм ДЕАШ мүчөсү террористтер аткан ок менен шаардын түндүк батышындагы Мүхендислер мааласына түштү.

Террордук уюм ДЕАШ тарабынан атып түшүрүлгөн тик учардагы эки учкучтун каза болгондугу билдирилди. Мусул орток операциялар командирлиги окуя тууралуу азырынча расмий билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар