Сирияда кол салуулар

Көпчүлүгү бала болгон 43 киши каза болду

705346
Сирияда кол салуулар

Сириянын Идлиб аймагындагы бир поселокко химиялык курал менен кол салуу жасалды. Көпчүлүгү бала болгон 43 киши каза болду. Кол салууну жасаган учактардын Асад режимине же Орусияга таандык экендиги белгисиз.

Идлиб аймагында Хан Шейхун поселогу эрте мененки сааттарда абадан бомбалоого дуушар болду. Кол салууда 215 киши да газдан таасирленди. Сирия режими мындан мурда да химиялык курал колдонуу менен күнөөлөнгөн. Бир тараптан Асад режиминин борбор шаар Дамакста оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймактарга жасаган абадан кол салууларда эң аз 32 жаран каза болду. Шаардын чыгышында режимдин курчоосу астындагы Чыгыш Гута аймагы жана Кабун мааласы кечээ эрте мененки сааттардан бери 60тан ашуун абадан кол салууга бута болду.

 



Тектеш кабарлар