Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийинки абал

Орусиянын башкы прокурору Александр Куренной, жардыруунун террордук кол салуу болгонун жарыялады.

705130
Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийинки абал

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метро системасында болгон 11 киши каза тапкан, 45 киши жаракат алган бомбалуу кол салуунун себебинен орус кесиптеши Дмитрий Медведевке маалымат жөнөтүп кайрат айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Орусиядагы террордук кол салууга байланыштуу кайсы бир Түркия жаранынын каза болгону же жаракат алганы жөнүндө маалымат жок экенин айтты.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында метро системасында болгон террордук кол салуу убагында Орусиянын президенти Владимир Путин да Санкт-Петербург шаарында коногу Беларусь президенти Лукашенко менен жолугушуу өткөрүп жаткан эле.

Бомба жайгаштырылган вагон эки станциянын ортосунда туннелден өтүп бара жатканда жарылды.

Андан кийинки станцияга барган вагондон чыккан түтүн ар тарапты каптап калды. Жүздөгөн киши ылдам түрдө станциядан качып чыгышты.

Оор зыянга учураган вагондун ичинде калгандарга алгач бекетте күтүп тургандар жардам беришти.

Орусиянын башкы прокурору Александр Куренной, жардыруунун террордук кол салуу болгонун жарыялады.

Жардыруудан кийин 2 саат өтпөй 2 бекет илгеридеги башка бир метро сатнциясында да жарылуучу зат табылып зыянсыздаштырылды.

Интерфакс агенттиги кылмышкердин коопсуздук камерасындагы видеосун алып кеткенин жарыялады.



Тектеш кабарлар