Санкт-Петербургдагы кол салууну борбор азиялык киши кылганы айтылууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Орусиядагы террордук кол салууга байланыштуу кайсы бир Түркия жаранынын каза болгону же жаракат алганы жөнүндө маалымат жок экенин айтты.

705348
Санкт-Петербургдагы кол салууну борбор азиялык киши кылганы айтылууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метро системасында болгон 14 киши каза тапкан, 40тан ашуун киши жаракат алган бомбалуу кол салуунун себебинен орус кесиптеши Дмитрий Медведевке маалымат жөнөтүп кайрат айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым твиттердеги эсебинен да, «Санкт-Петербургда болгон жарылуунун себебинен урматтуу Медведевге кайрат айтамын, орус калкынын кайгысын тең бөлүшөмүн»,-деп жазды.

Йылдырым, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин ысымын белгилеп ошол сөздөрдүн орусчасын да бөлүштү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Орусиядагы террордук кол салууга байланыштуу кайсы бир Түркия жаранынын каза болгону же жаракат алганы жөнүндө маалымат жок экенин айтты.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында метро системасында болгон террордук кол салуу убагында Орусиянын президенти Владимир Путин да Санкт-Петербург шаарында коногу Беларусь президенти Лукашенко менен жолугушуу өткөрүп жаткан эле.

Бомба жайгаштырылган вагон эки станциянын ортосунда туннелден өтүп бара жатканда жарылды.

Андан кийинки станцияга барган вагондон чыккан түтүн ар тарапты каптап калды. Жүздөгөн киши ылдам түрдө станциядан качып чыгышты.

Оор зыянга учураган вагондун ичинде калгандарга алгач бекетте күтүп тургандар жардам беришти.

Орусиянын башкы прокурору Александр Куренной, жардыруунун террордук кол салуу болгонун жарыялады.

Жардыруудан кийин 2 саат өтпөй 2 бекет илгеридеги башка бир метро станциясында да жарылуучу зат табылып зыянсыздаштырылды.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метро кол салуусун кылган кишинин Кыргызстанда туулган Орусиянын атуулу Акбаржан Желилиов экени айтылып жатат.



Тектеш кабарлар