АКШдан Орусиядагы террордук кол салууга айыптоо

АКШнын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт  - Петербург шаарында метродо болгон террордук кол салууну айыптагандыгын билдирди

705290
АКШдан Орусиядагы террордук кол салууга айыптоо

АКШнын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт  - Петербург шаарында метродо болгон террордук кол салууну айыптагандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин убактылуу катчысы Марк Тонер Орусиядагы террордук кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады. Билдирүүдө : «АКШ Санкт Петербург метро жолундагы жүргүнчүлөргө жасалган кол салууну айыптайбыз. Кол салууда каза болгондордун жакындарына сабыр тилейбиз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Санкт  - Петербургда метродо эки станциянын ортосунда жасалган террордук кол салууда 10 кишинин каза болгондугу, 47 кишинин жаралангандыгы билдирилген болчу. Орус медиасында орун алган кабарларда жардыруунун себебинин поезд вагонуна жайгаштырылыган заттын таасирдүү бомба экендиги билдирилген.

 



Тектеш кабарлар